Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын жаратылышты коргоо союзунун делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германиянын жаратылышты коргоо союзунун делегациясын  жана Дүйнөлүк банктын Глобалдуу жолборс демилгеси долбоорунун директору Кешав Варманы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Дүйнөлүк банкка жана Германиянын жаратылышты коргоо союзуна (НАБУ) 2013-жылы Кыргызстанда Жер планетасында ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум өткөрүү боюнча демилгесин колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Кыргызстан үчүн ак илбирсти коргоого алуу жана сактоо маанилүү экологиялык долбоорлордун бири экендигин белгилеп, эл аралык форум өлкөдө ак илбирстин тукумун сактап калуу ишине өз салымын кошооруна ишенээрин билдирди. Мамлекет башчысына берилген маалымат боюнча азыркы тапта Кыргызстанды 315 ак илбирс мекендейт.

«Өз кезегинде биз форумду жогорку деңгээлде өткөрүү жана анын жүрүшүндө ак илбирсти коргоо боюнча Стратегиянын кабыл алынышы үчүн бардык чараларды көрөбүз. Кыргызстанды жана анын жаратылышын ак илбирси жок элестетүү мүмкүн эмес”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

НАБУнун федералдуу директору Лейф Миллер акыркы 20 жылдын аралыгындагы Кыргызстан менен жаратылышты коргоо боюнча  кызматташууда жакшы тажрыйба топтолгондугун белгилеп өттү.

“Кыргызстан менен бирдикте келерки жылы Бүткүл дүйнөлүк форум өткөрүү биз үчүн абдан чоң мааниге ээ”, - деди ал.

Өз кезегинде Кешав Варма мамлекет башчысын  региондо, анын ичинде Кыргызстанда  жоголуу коркунучунда калган жапайы жаныбарларды  сактап калуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди. Бул багытта ырааттуу иш жүргүзүү максатында туруктуу иштеген Катчылык сыяктуу орган түзүүнү болжолдоп жатышкандыгын  айтып өттү.

«Менимче ак илбирс өздөрү мекендеген бардык өлкөлөрдүн символу болуп эсептелет. Ошондуктан мамлекет башчысы катары Сиздин колдооңуз биз үчүн абдан чоң мааниге ээ”, деп баса белгиледи ал.

2012-жыл 3-декабрь