Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев майып балдарга материалдык колдоо көрсөттү

Бүгүн, 2012-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев майып балдарды колдоо максатында 636 000 сом бөлүү тууралуу буйрукка кол койду. Билим берүү фондунан бөлүнгөн каражаттар майып балдардын ата-энелеринин Ассоциациясынын алдындагы Ден соолугу жагынан көптөгөн жана оор залалдары бар  балдарды өнүктүрүү жана окутуу борборунун реабилитациялык бөлмөсү үчүн атайын жабдууларды  сатып алууга  жумшалат.

2012-жыл 3-декабрь