Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Германия менен финансылык жана техникалык кызматташтык жөнүндө келишимдерди ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “ 2012-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасы ушул  макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон өлкөнүн ички  мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнө маалымдап коюу милдети тапшырылган. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 3-декабрь