Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы – 2-программачасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасы ушул Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына маалымдап коюу милдети тапшырылган. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 3-декабрь