Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Акил Акиловду кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 4-декабрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууга келген Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Акил Акиловду кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Премьер-министр Акил Акилов өз ара кызыкчылык жараткан ар кандай тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанисин белгилешти.

“Кыргызстан менен Тажикстандын ШКУ сыяктуу уюмдун алкагындагы кызматташтыгы эки өлкөнүн мамилелерин мындан ары бекемдөө үчүн негиз болуп кызмат кылат”, – деп белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

2012-жыл 4-декабрь