Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Рустам Азимовду кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Өзбекстан Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Рустам Азимовду кабыл алды.

Өзбекстан Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Рустам Азимов Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууга келген.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Рустам Азимов эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы көп кылымдык достукка негизделген эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кызматташтыктын эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы жетишкендиктерин эске алуу менен “Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүн жаңы сапаттагы деңгээлге көтөрүш үчүн  ири потенциал бар”, - деп белгиледи Президент.

Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары да жакшы коңшулук духта өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

2012-жыл 4-декабрь