Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Вэнь Цзябаону кабыл алды

Бугун, 2012-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ала-Арча»  мамлекеттик резиденциясында, Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууга келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Вэнь Цзябаону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент мындай деп белгиледи: «Биздин эки тараптуу мамилелерибиздин өнүгүүсүнө  айрыкча көңүл бурганыңыздар үчүн терең ыраазымын. Премьер мырза, Сиздин расмий сапарыңыз ийгиликтүү өтүп жатат. Бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Мен Сизге колдоо көрсөткөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиргим келет».

Өз кезегинде Вэнь Цзябао мындай деп белгиледи: «Президент мырза, Сиз менен дагы бир ирет жолукканыма абдан курсантмын. Ушул жылдын аралыгында биз үчүнчү ирет жолугуп олтурабыз. Мына ушунун өзү эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө өзгөчө маани берилээринен кабар берип турат. Ушул жылы өлкөлөрүбүз ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнө 20 жыл болду. Биз жогорку деңгээлде байланыштарды жүргүзүп жатабыз. Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйыны Бишкекте өткөнү – уюмдун өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү окуя. Биздин өлкө ар кандай колдоо жана жардам берүүгө даяр».

Тараптар ошондой эле эки тараптын кызыкчылыгына төп келген бардык багыттар боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, биргелешкен экономикалык долбоорлор жана өз ара мамилелерди чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу сөз кылышты.

2012-жыл 4-декабрь