Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Бул мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2012-жылдын 15-ноябрында кабыл алган.

Мыйзам күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин  58- главасы (Атайын каражаттарга салык) күчүн жоготот. Тактап айтканда,  бюджеттик мекемелер менен уюмдардын жумуш аткаруусунан жана акылуу кызмат көрсөтүүсүнөн түшкөн атайын каражаттарынан салык алуу токтотулат. Аталган өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин Салык кодексинде атайын каражаттарга 20% өлчөмүндө салык салынып келген. 

Мыйзам 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 5-декабрь