Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад-Реза менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 5-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад-Резаны кабыл алды. Ал байкоочу катары эсептелген  өлкөсүнүн өкүлү болуп Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлөрүнүн (ШОС) Өкмөт башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышты.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтык маселелерин, эки өлкөнүн өз ара алакаларынын актуалдуу маселелерин жана эки мамлекеттин байланыштарын бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

2012-жыл 5-декабрь