Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Монголиянын Премьер-министри Норовын Алтанхуяг менен жолугушту

2012-жылдын 5-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Монголиянын Премьер-министри Норовын Алтанхуягды кабыл алды. Монголиянын Өкмөт башчысы байкоочу катары эсептелген өлкөсүнүн өкүлү болуп Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлөрүнүн (ШОС) Өкмөт башчыларынын Кеңешинин Бишкектеги отурумуна катышты.

Мамлекет башчысы мындай деп белгиледи: “Кыргыз-моңгол мамилелеринин байкаларлык активдешүүсү дал быйыл башталгандыгы кубанычтуу. Биз эки тараптуу мамилелерди мындан ары да бекемдей алабыз деп ишенем”.

Өз кезегинде Монголиянын Өкмөт башчысы мындай деди: “Мен Сиз менен жолукканыма абдан кубанычтамын. Бизди тарых өзү бириктирип турат. Бишкек - Улан-Батор аба каттамы ачылгандыгы кызматташуунун мындан аркы активдешүүсүнө жакшы дем берет деп үмүттөнөм”.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана аны мындан ары бекемдөөнүн кадамдарын талкуулашты.

2012-жыл 5-декабрь