Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев коомчулукка Кыргыз Республикасын 2013-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилге туруктуу өнүктүрүүнүн Стратегиясын (“жол картасын”) тааныштырат

Эртең, 2012-жылдын 7-декабрында, Бишкекте, Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи отурумунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев коомчулукка  Кыргыз Республикасын 2013-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилге туруктуу өнүктүрүүнүн Стратегиясын (“жол картасын”) алып чыгат.

Документти иштеп чыккандардын айтымында аны даярдоодо өлкөнү реформалоонун мурдагы тажрыйбасы эске алынган, ошондой эле мамлекеттик органдардын, саясый партиялардын жана эксперттик коомчулуктун коомдун жана адам турмушунун туруктуулугун, экономиканын жана мамлекеттик башкаруунун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча колдо болгон иштемдери пайдаланылган.

Стратегиянын долбоору шардана болгондон кийин Улуттук кеңештин мүчөлөрү жакшылап окуп-үйрөнүү жана өз сунуштарын жана пикирлерин киргизүү үчүн мүмкүндүк алышат. Стратегиянын долбоору эксперттик коомчулук жана өлкөнүн жарандары арасында талкууланышы үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында да жарыяланат. Эки жумадан кийин Улуттук кеңештин экинчи отурумун өткөрүү сунушталууда, анда Стратегия акыркы вариантында кабыл алынат. Стратегияны жүзөгө ашыруу мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын гана эмес, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн субъектиси катары жарандык коомдун дагы бирдиктүү ишин талап кылат.    

Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш өлкө Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы жарлыгы менен Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиялык документти кабыл алуу жана жүзөгө ашырууну камсыздоо, мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын бул багыттагы күч-аракеттерин координациялоо максатында  түзүлгөн.

Улуттук кеңешти өлкө Президенти жетектейт. Ошондой эле анын курамында Жогорку Кеңештин төрагасы, Премьер-министр, Жогорку соттун төрагасы, Президенттин Аппаратынын жетекчиси, парламенттик фракциялардын лидерлери, Улуттук банктын башчысы, өлкөнүн өкмөтүнүн бир катар мүчөлөрү, ишкер коомчулуктун эксперттери жана өкүлдөрү бар.

2012-жыл 6-декабрь