Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (JICA) вице-президенти Киёши Кодераны кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 5-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (JICA) вице-президенти Киёши Кодераны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (JICA) менен кызматташтык маселелери талкууланды.

“Мырза Кодера, сиздин уюмуңузга Кыргызстанга көргөзүп жаткан колдооңуз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз кыйынчылыктарга жана табигый кырсыктарга карабастан башка өлкөлөргө жардам көрсөтүп жаткан япон элинен көптү үйрөнүүбүз керек. Биз эмгекчилдикти жана каармандыкты япон элинен үйрөнүүбүз керек”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Киёши Кодера Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү. Атап айтсак, ал Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги Кыргызстандагы экономика менен айыл чарбасын өнүктүрүүгө, экспорттук потенциалды жогорулатууга, ошондой эле Кыргызстанда жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго өзгөчө көңүл бурууга ниеттенип жаткандыгын белгиледи.

2012-жыл 6-декабрь