Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Бул мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2012-жылдын 22-ноябрында кабыл алган.

Кабыл алынган мыйзам агрардык азык-түлүктөрдү кайра иштетүүчүлөрдү мамлекеттик колдоого жана КР территориясында айыл чарба чийки заттарын кайра иштетүүнүн көлөмдөрүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Атап айтсак, мыйзам менен Салык кодексинин 239-беренесине түзөтүү киргизилген. Ага ылайык:

1)           субъект тарабынан мөмө-жемиштерден, жашылчалардан өнөр жайда кайра иштетилген товарларды жеткирүү, алар түздөн-түз ушул субъект аркылуу кайра иштетилген болсо, кошумча нарк салыгынан (НДС) бошотулган жеткирүү болуп эсептелинет (бул мыйзам кабыл алынганга чейин НДСти төлөөдөн кайра иштетүүчүлөр өз чийки затынан даярдаган гана товарларды жеткирүү бошотулуучу);

2)           тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайынын ата мекен айыл чарбасынын чийки заттарын кайра иштеткен ишканаларынын товарларды жеткирүүсүн,  жумушун жана кызмат көрсөтүүсүн (акциздик топтогу товарларды өндүрүү үчүн колдонулгандардан башкасы) НДСтен бошотуунун мөөнөтү узартылат (мыйзамга киргизилген түзөтүүлөр менен 6 жыл мөөнөт каралган, ал эми аракеттеги Салык кодекси боюнча – 3 жыл).

Мыйзам 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 7-декабрь