Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Ирандын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2012-жылдын 10-июлунда Тегеран шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын  Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумун ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы ушул Меморандум күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө ирандык тарапка билдирүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 7-декабрь