Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Азербайжандын Өкмөттөрүнүн ортосундагы жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы белгиленген тартипте көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө азербайжандык тарапка билдирүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 7-декабрь