Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев телевидение жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 8-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев телевидение жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти мындай:

“Урматтуу телевидение жана радио кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм. Бул биздин баардыгыбыз, ар бир көрүүчү жана угуучу үчүн өзгөчө майрам.

Сиздер – уникалдуу кесипти алып жүрөсүздөр. Ар бир күнү сиздер кыргызстандыктардын үйлөрүнө келип, турмушубуздун, биздин Кыргызстандын турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп калгансыздар.

Кыргыз телевидениеси жана радиосу жаркын тарыхка ээ, ал небак эле биздин улуттук маданиятыбыздын бир бөлүгү болуп калган. Болгону саналуу он жылдар мурда өлкөбүздүн аймагында радио жана телеберүүлөр башталган. Ал эми бүгүн болсо жашоону сиздерсиз элестетүү кыйын.

Биз сиздерден миллиондогон адамдарды бириктирип жана алардын потенциалын жана энергиясын жаратмандыкка жана жакшылыкка багыттоого жөндөмдүү, зор күчтү көрүп турабыз. Кыргызстанга анын өнүгүү жолундагы кыйын кезеңде көмөк көрсөтүү керек. Биз биримдикте бирдиктүү, күчтүү жана гүлдөп-өнүккөн Кыргызстанды курууга тийишпиз.  

Сиздердин кесиптик майрам күнүңүздөрдө жаңы чыгармачылык ийгиликтерди, ден соолук жана үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо каалагым келет.

Кыргыз Республикасынын
Президенти                                                 Алмазбек Атамбаев”

2012-жыл 8-декабрь