Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Журналист Геннадий Павлюктун калыбына келтирилген эстелигинин ачылышы болду

Бүгүн, 2012-жылдын 10-декабрында, Бишкекте журналист Геннадий Павлюктун калыбына келтирилген эстелигинин ачылышы болду.

Эстелик Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча жана анын жеке каражатына калыбына келтирилди.

Эстеликти ачуу аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Фарид Ниязов, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андрей Крутько, башка коомдук ишмерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Митингдин катышуучуларынын кашында сөз сүйлөп, Данияр Нарымбаев мындай деди:

“Биздин журналистика дайыма өзгөчө роль ойноп келген. Ал биздин өлкөбүздө акыйкаттык культун, адилеттик культун орнотту. Үч жыл мурда Геннадий Павлюк жырткычтык менен өлтүрүлгөндө Кыргызстан эсенгирей түшкөн. Ошентип, өлкөбүздү чөгөлөткүсү келишкен. Ал элге угуза, үнүн бийик чыгарып, “алагушту атынан атаган”. Ошон үчүн ал өмүрү менен кош айтышты. Биз сөз эркиндиги, саясый эркиндик үчүн бул кун жөнүндө унутпообуз керек. Биз коркунуч эми эч качан абага сиңип жок болбосун, жүрөктөрүбүзгө уялабасын үчүн муну эстен чыгарбообуз керек”, -деп баса белгиледи сөзүнүн аягында Данияр Нарымбаев.

2012-жыл 10-декабрь