Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Германияга расмий сапары башталды

Бүгүн, 2012-жылдын 10-декабрында, кечинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасына расмий сапар менен учуп кетти.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысынын Германиянын Федералдык Президенти Йоахим Гаук, Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Берлин шаарынын Бургомистри (мэр) Клаус Воверайт менен жолугушуулары пландаштырылган.

Өлкө Президентинин программасында Конрад Аденауэр Фондунда сөз сүйлөө, КРнын Берлиндеги элчилигине баруу, ошондой эле Германиянын Бундестагынын (Парламент) эл аралык иштер боюнча комитетинде жана Германия Экономикасынын Чыгыш Комитетинде жолугушууларды өткөрүү болжолдонгон.

Ошондой эле сапар учурунда эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

2012-жыл 10-декабрь