Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Германиянын Федералдуу Президенти Йоахим Гаук менен жолугушуусу өттү

Бүгүн, 2012-жылдын 11-декабрында Берлин шаарында, расмий резиденция -Белевью сарайында Германия Федеративдүү Республикасына расмий сапар менен келген Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди расмий тосуп алуу аземи болду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Йоахим Гаук тосуп алды.

Тосуп алуу аземинен кийин мамлекет башчыларынын жолугушуусу болду.

2012-жыл 11-декабрь