Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык Президенти Йоахим Гаук менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 11-декабрында, расмий сапардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаук менен  жолугушту.

Мамлекет башчысы немец кесиптеши менен  Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу жана  Кыргызстанда демократияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, Алмазбек Атамбаев   Кыргызстандын экономикасына  Германиядан тартылган инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү зарылчылыгын белгиледи.

 «Мен үчүн Европа мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп Германияга сапар жасаганым абдан маанилүү эле. Анткени  Кыргызстан менен Германия парламенттик республика болгондуктан, жалпы баалуулуктарыбыз бар»,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде  Германиянын  Федералдык Президенти Йоахим Гаук  Кыргызстан Борбордук Азияда биринчи болуп парламенттик демократия куруу ишинде ири ийгиликке жетишкендигин белгиледи.

Тараптар  эки өлкөнүн ортосунда түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташууну  арттыруу боюнча зор мүмкүнчүлүктөр  бар экендигин баса белгилешти.

Тараптар ошону менен бирге эки мамлекеттин жетекчилиги  эки тараптуу кызматташууну мындан ары активдештирүүгө зор маани берээрин белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев Федералдык Президент Йоахим Гаукту келерки жылы Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды, Йоахим Гаук чакырууну кабыл алды.

2012-жыл 11-декабрь