Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстанда энергетика секторун реабилитациялоо боюнча долбоорду АБРдин каржылоосу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 12-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Энергетика секторун реабилитациялоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну   ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  тарабынан 2012-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.

Эске сала кетсек, “Энергетика секторун реабилитациялоо” долбоору: Токтогул ГЭСин реабилитациялоого, Энергоэсептешүү борборун түзүүгө, ГЭСтердин Нарын каскадынын плотиналарынын коопсуздук абалы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле маалымат-агартуучулук программасын жүзөгө ашырууга багытталган. Долбоордун жалпы каржылоосу 62 млн.  АКШ долларын түзөт.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына маалымдоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 11-декабрь