Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту

2012-жылдын 11-декабрында, Берлинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий сапарынын алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

“Германия Кыргызстанга ар дайым жардам берип келген жана жардамын улантууда. Биз Кыргызстанда демократиялык коом куруу боюнча талыкпай иштей беребиз”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев. Кыргызстан менен Германияда парламенттик демократия экендигин, мындай жагдай  эки тараптуу кызматташуу үчүн бекем негиз болуп берерин белгилеп өттү.

Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель мындай деп белгиледи: “Биз региондун жана Кыргызстандын стратегиялык маанисин билебиз. Биргелешкен долбоорлор кайсы багытта жүзөгө ашырылышы мүмкүн экендигин изилдөө үчүн атайын өкмөттүк топ Кыргызстанга барат”.

Тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүү үчүн мындан ары да болгон күч аракетти жумшоо ниеттерин баса белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Президент Алмазбек Атамбаев жана Федералдык канцлер Ангела Меркель биргелешкен пресс-конференция өткөрүп, кыргыз жана немец журналисттеринин суроолоруна жооп беришти.

2012-жыл 11-декабрь