Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев Берлин шаарынын Бургомистри Клаус Воверайт менен жолугушту

2012-жылдын 11-декабрында, Берлинде, расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Берлин шаарынын Бургомистри (мэр) Клаус Воверайт менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен Берлиндин федералдык жеринин ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев Берлин шаарынын жетекчилигинин көңүлүн Бишкекти өнүктүрүүнүн негизи катары кабыл алынышы мүмкүн болгон өзгөчө “креативдүү шаар” концепциясын алга жылдыруу үчүн Кыргызстандын борбору менен кызматташууга бурду. 

Берлин шаарынын Бургомистри Берлин кызматташууга ачык экендигин жана эки борбордун ортосунда биргелешкен кызыктуу долбоорлорду сөзсүз таба тургандыгын канааттануу менен белгиледи.

2012-жыл 11-декабрь