Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Германияга расмий сапарынын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюлду

Бүгүн, 2012-жылдын 11-декабрында, Берлинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Германияга расмий сапарынын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Атап айтсак, төмөнкү документтерге кол коюлду:

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн маданият жана билим берүү саясаты тармагында кызматташуу жөнүндө Биргелешкен билдирүүсү.
2.    III- Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү карыздык милдеттенмелерин конверсиялоонун алкагында, Финансы министрлиги ("карыз алуучу") аркылуу 8 500 000 евро суммасында KfW, Франкфурт-на-Майне ("KfW") менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишим.
3.    Иш-аракеттердин планынын алкагында КР саламаттык сактоо министрлиги менен ФРГ Федералдык саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө Биргелешкен билдирүү.  
4.    Кыргыз Республикасындагы немецтердин иштери боюнча кыргыз-герман өкмөттөр аралык комиссиянын 2012-жылдын 14-ноябрында Берлин шаарында өткөн 8-отурумунун жыйынтыктары боюнча Коммюнике.

Ошондой эле төмөнкү документтер боюнча ноталар алмашылды:

- Бишкек шаарында 2012-жылдын 9-ноябрында кол коюлган 2011-2012-жылдарга КР Өкмөтү менен ФРГ Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашуу жана 2011-2012-жылдарга КР Өкмөтү менен ФРГ Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Борбор Азия боюнча Суу демилгесинин экинчи этабы жөнүндө Келишим (ноталар алмашуу жолу менен түзүлгөн “Берлин процесси”).

 

2012-жыл 11-декабрь