Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев Конрад Аденауэр Фондунда сөз сүйлөдү

Бүгүн, 2012-жылдын 11-декабрында, Берлинде, расмий сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Конрад Аденауэр Фондуна барды.

Мамлекет башчысы “Кыргыз Республикасынын 2010-жылдан кийинки ички саясый жагдайы жана кыргыз-герман кызматташтыгынын абалы жана келечектери жөнүндө” деген темадагы талкууга катышып, сөз сүйлөдү.

Иш чаранын башталышында Фонддун Башкы катчысынын орун басары Герхард Валерс жана Германия Бундестагынын (Парламент) депутаты Манфред Грунд сөз сүйлөштү.

«Кыргызстан аймактык мааниге ээ, мунун энергетикалык ресурстарды пайдаланууга да тиешеси бар. Германия менен Кыргызстан быйыл дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 20 жылдыгын майрамдайт жана бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Германия Федеративдүү Республикасына акыркы 8 жылдын ичиндеги биринчи сапары. Германия – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган, ошондой эле Кыргызстанда өз Элчилигин биринчилерден болуп ачкан Европа өлкөлөрүнүн бири. Мен Кыргызстандын Президенти менен немец тилинде баарлаштым жана мектепте эле эмес, жалпысынан алганда сиздердин өлкөдө немец тили маанилүү роль ойноору мени таң калтырды. Мырза Президент, Сиз Федералдык Президент Йоахим Гаук, Федералдык канцлер Ангела Меркель менен көрүштүңүз, эки тараптуу документтерге кол коюлду, мындан аркы эки тараптуу кызматташуу үчүн негиз салынды», - деп белгиледи Герхард Валерс.
 
«Мен билем, ФРГ Сиздердин өлкөдөгү парламенттик демократиянын үлгүсү болуп саналат, биз кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз. Биз Сиздердин сапар Германияда өтүп жаткандыгына кубанычтабыз,  Кыргызстан менен кызматташууга көптөр кызыкдар», - деп баса белгиледи Фонддун Башкы катчысынын орун басары Герхард Валерс.

Андан ары Германия Бундестагынын (Парламент) депутаты Манфред Грунд сөз сүйлөдү. Ал мындай деди: «Кыргызстандагы акыркы президенттик шайлоо – Борбор Азиядагы биринчи акыйкат жана эркин шайлоо. Кыргызстанда бийлик биринчи ирет тынчтык жолу менен колдон колго өткөрүлүп берилди. Сиздердин өлкөдө 2010-жылы жаңы Конституция кабыл алынды, ошондой эле 2010-жылы парламенттик шайлоо өткөрулдү, жаңы Конституция парламенттик башкаруу системасына негиз салды».

«Кыргызстан геосаясый маанидеги брэндди жаратты», - деп баса белгиледи Бундестагдын депутаты Манфред Грунд.
Сөзүнүн башында Президент Алмазбек Атамбаев мындай деп белгиледи: «Мен Президент катары менин биринчи сапарым  Германияга каттоону каалаган элем.  Германия Федеративдүү Республикасы – биздин Европадагы стратегиялык өнөгүбүз, Германия биздин досубуз жана ал ошол бойдон кала берет. Биз өлкөбүзгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Германия Федеративдүү Өкмөтүнө ыраазыбыз, анын аркасында Кыргызстанда маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлор жүзөгө ашырылууда».
Алмазбек Атамбаев ошондой эле демократияны өнүктүрүү маселелерине да кайрылып, Кыргызстанда авторитардык режим мүмкүн эместигин, биздин өлкөдө Борбор Азиядагы биринчи парламенттик демократия бар экендигин белгиледи.
«Биз парламенттик демократияны өнүктүрүүгө багыт алдык. Акыйкат шайлоолор – Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү кайсы мамлекетти алсак да туруктуулуктун кепилдиги. Бийликтин күчү – элдин ишениминде, эгерде эл бийликке ишенсе, бийлик күчтүү болот, ал эми эгерде ишеним анча эмес болсо, андай бийликти эч ким жана эч нерсе сактай албайт. Демократия – мыйзамдын үстөмдүгү, мыйзам алдында бардыгы бирдей. Парламенттик демократия гана гүлдөп-өсүүгө жана өнүгүүгө жол ачат», - деп айтты өлкөнүн Президенти.
Эки тараптуу кызматташтык жөнүндө айтып, өлкөнүн Президенти мындай деп белгиледи: «Мен Федералдык Президент Йоахим Гауктун жылуу мамилесине, ошондой эле Федералдык канцлер Ангела Меркелдин көңүл буруусуна ыраазымын. Өзгөчө Германиянын Федералдык Өкмөтү Кыргызстанга биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн мүмкүндүктөрдү изилдей турган атайын топту жөнөтөрүнө ыраазымын”.

Жолугушууда ошондой эле германиялык саясатчылар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргызстандын расмий делегациясынын калган мүчөлөрү, кыргыз жана герман журналисттери, ошондой эле  Германияда жашаган кыргызстандыктар катышты. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Маалымдама:
Конрад Аденауэр Фонду саясый билим берүү ишин жүргүзөт, европалык интеграциянын чыңдалышы үчүн күрөшөт,  искусство менен маданияттын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт, таланттуу студенттер жана аспиранттар анын стипендиаттары болушат.

2012-жыл 11-декабрь