Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германияга расмий сапарынын жүрүшүндө бир катар жолугушууларды өткөрдү

Бүгүн, 2012-жылдын 12-декабрында, расмий сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын (парламент) Эл аралык иштер боюнча комитетинде жолугушуу өткөрдү. 

ФРГнын Эл аралык иштер боюнча комитетинде Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү жана демократияны мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле жалпысынан Кыргызстандагы жана Борбор Азия аймагындагы саясый кырдаал жөнүндө кызыктуу аңгемелешүү болду. 

Андан соң Мамлекет башчысы Германия Экономикасынын Чыгыш Комитетинин делегациясы менен жолукту. Анда Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүндүктөрү жана ФРГ менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жөнүндө пикир алмашышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдө жагымдуу инвестициялык шарттарды түзүү жана  Кыргызстанга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. 

Ушул эле жерде Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Германия Экономикасынын Чыгыш Комитетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу салтанаты өткөрүлдү.

Андан кийин, Президент башында турган делегация Кыргызстандын Германиядагы элчилигине келди, бул жерде дипломатиялык миссия менен жолугушуу өттү. 

Ушул эле жерде, Берлиндеги кыргыз элчилигинин имаратында Мамлекет башчысы германиялык медиа-комитет Дойче Веллеге («Немец толкуну») интервью берди.

Президент ошондой эле ФРГ боюнча сапарда коштоп жүргөн кыргыз журналисттеринин суроолоруна дагы жооп берди.

Ошону менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Германия Федеративдүү Республикасына расмий сапары аяктады.

 

2012-жыл 12-декабрь