Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Балдарга арналган Президенттин жаңы жылдык балатысы өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен «Кереметтүү түндүк» аталган балдарга арналган Жаңы жылдык балаты 2012-жылдын  26-декабрында Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөрүлөт.

Жаңы жылдык оюн-зоокто 8 жаштан 13 жашка чейинки окууда жана коомдук иштерде айырмаланган, ден соолугу чектелүү жана тартыш турмушта жашаган үй-бүлөлөрдүн  балдары катышышат.

Балдардын тизмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү министрликтердин сунушу боюнча  түзүлөт.

Майрамдык иш-чараны өткөрүү боюнча жумушчу кеңешмеде  балдардын маалыматы жана окуган жери тууралуу толук  маалымат камтылган атайын чакыруу билеттерин даярдоо тууралуу чечим кабыл алынган.

Жаңы жылдык балатыда балдар мамлекет башчысынын колунан белектерди алып, кызыктуу оюн-зоокторго ортоктош болушат.

2012-жыл 14-декабрь