Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы Азербайжандын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ариф Агаевди кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 2-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев дипломатиялык милдети аяктап бара жаткан Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ариф Агаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы Ариф Агаевге өлкөбүздөгү жүргүзгөн ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирди. “Бул жылдардын аралыгында жакшы иштерди жасап, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгара алдык. Мында сиздин салымыңыз зор болду”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Ариф Агаев ишимдин ийгиликтүү болгондугунун себеби Кыргызстанда аны үчүн тиешелүү бардык шарттар түзүлгөн деп айтты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 2-август