Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Монголиянын Президентинин Администрациясынын Жетекчисин кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 14-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Монголиянын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Пунцагийн Цагаанды кабыл алды.

Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, ошондой эле Монголиянын парламенттик демократияны түзүүдөгү тажрыйбасы тууралуу маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев дагы катышкан жолугушууда, эки тараптуу мамилелердин өсүү динамикасы жана эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын мындан нары активдештирүү зарылдыкы баса белгиленди.

2012-жыл 14-декабрь