Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 14-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан Казакстандан ЖККУ төрагалык милдетин алуу каралган 2012-жылдын 19-декабрында Москва шаарында пландаштырылган ЖККУ жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын күн тартибинин даярдыгы тууралуу  маселе каралды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУ алкагында өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери дагы талкууланды.

2012-жыл 14-декабрь