Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: Энергетика - Кыргызстандын экономикасынын локомотивине айланат

Бүгүн, 2012-жылдын 1-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Кемин районунда “Кемин 500 кВ” подстанциясынын пайдубалына капсула коюу салтанатына катышып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы  бүгүнкү окуя Кыргызстандын экономикасына жана жалпы элибиздин келечеги үчүн зор мааниге ээ болоорун белгиледи. Өткөн кылымдын экинчи бөлүгүндө ата-бабаларыбыздын маңдай тери менен Кыргызстанда энергетика тармагы түптөлгөн. Кыргыз энергетикасынын өзгөчөлүгү – бул энергиянын булагы болгон биздин түгөнбөс байлыгыбыз, мөңгүлөрдөн жаралган дарыяларыбыз. “Улуу муундардын эмгеги менен түптөлүп, бизге баа жеткис мурас катары калган энергетика - Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнүн өбөлгөсү экендиги талашсыз. Энергетика -  Кыргызстанда экономиканын локомотиви болгону турат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өткөн жылы, 2011-жылдын 28-июлунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда “Датка” подстанциясынын курулушу башталган. Бир жыл өткөн соң Чүй облусунун Кемин районунда “Кемин” подстанциясынын курулушу башталганы турат. “Бул жакшы жышаан, жакшы белги. Дегеним, бул курулуш өлкөбүздүн түштүгү менен түндүгүн бириктирет. Куштун эки канаты сымал кош канатыбыз биригип, өлкөбүз энергетикалык бир алкакка кошулат. Бул сыяктуу келечектүү долбоорлор элибизди ичтен иритип, уруу урууга, региондорго бөлүүгө умтулгандарга каршы татыктуу жооп болооруна ишенем!”- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.
«Датка-Кемин» электр берүү линиясынын жана «Кемин» «Датка» подстанцияларынын курулушу аяктаган соң керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылуунун ишенимдүүлүгү артат. Электр энергиясын чектебестен пайдаланууга жол ачылып, өлкө ичиндеги “энергетикалык алкак” түзүлөт жана  жаңы Камбар-Ата ГЭСтери толук кандуу иштей баштайт. Ал эми «Кемин-Алматы» линиясын кургандан кийин биздин жана боордош Казакстандын энергетикалык системалары ишенимдүү иштей баштайт. Энергетикалык эгемендүүлүк  - чыныгы эегемендүүлүккө, экономикасы өнүккөн Кыргызстанды карай  жасалган ишенимдүү кадамдардын бири”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент ошону менен катар  Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча маселени козгоп өттү. Бул долбоор  сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Пекин тарабынан  колдоого алынгандыгын  белгиледи. “Бул долбоорду ишке ашырсак Кыргызстан транзиттик мамлекетке гана айланбастан, темир жол менен бирге өлкөбүздүн түштүгү менен түндүгүн байланыштырган дагы бир кара жолуна ээ болобуз. Биз бир элбиз, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакта гана татыктуу турмушка жетишебиз. Биримдик болбосо келечегибиз бүдөмүк экендиги ар бир жарандын жүрөгүнөн түнөк таап, ар бир үй-бүлөдө, ар бир жамаатта уялап калыш керек”,- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Анткени аталган долбоорлор Шанхай Кызматташуу Уюмунун мүчөсү болгон Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн жеңилдетилген кредитинин эсебинен каржыланууда.
“Учурда Россиянын Президенти Владимир Владимирович Путиндин колдоосу алдында Нарын дайрасына жаңы ГЭСтерди куруу боюнча Россиянын компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Көкө-Мерен каскадын жана Сары-Жаз дайрасына  ГЭСтердин каскадын куруу боюнча долбоорду  ишке ашырууга мезгил келди. Жаңы ГЭСтердин курулушу миңдеген жумушчу орундарды түзөт, Кыргызстандын экономикасына миллиарддаган инвестицияларды алып келет.  Келечекте Кыргызстан электр энергияны экспорттоочу кубаттуу мамлекетке айланаарына ишенем”,- деди сөзүнүн соңунда Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын  маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 1-август