Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев "РусГидро"ААК жетекчиси Евгений Додду кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда "РусГидро"ААК башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евгений Дод мамлекет башчысын Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2, Жогорку Нарын гидроэлектростанцияларынын каскадынын курулушу жүргүзүлчү жерлерди вертолет менен кыдырып чыккандагы жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, Кыргызстанда ГЭС курулушун баштоого компаниянын даяр экендигин кабарлады.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын экономикасы үчүн зор мааниге ээ болгон курулушту тезирээк баштоонун маанисин баса белгиледи.


Евгений Дод эки тараптуу макулдашуулар өз мезгилинде аяктаса, Жогорку Нарын ГЭСинин каскадынын курулушун 3-4 жылдын аралыгында аяктоого болоорун маалымдады.
"РусГидро"ААК жетекчилери менен жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы биргелешкен энергетикалык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн Россия тарап менен тыгыз кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевке тапшырма берди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 20-июль