Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: Эгерде Кыргызстан гүлдөгөн өлкө болгусу келсе, анда бардык жарандар бирдей укукка ээ болуусу керек

Бүгүн, 2012-жылдын 9-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Наванетхем Пиллэй менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктары чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаал, ошондой эле Кыргызстан менен БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин ортосундагы мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши менен жетишкен өз ара кызматташуунун деңгээлин жогору бааларын жана кастарларын баса белгиледи. “Мен көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазымын жана Сиздердин иш адам укуктарын сактоо чөйрөсүндө орун алган терс көрүнүштөрдү четтетүүгө багытталат деген үмүттөмүн”,- деди Алмазбек Атамбаев.

 Мамлекет башчысы ошондой эле эгерде Кыргызстан гүлдөгөн өлкө болгусу келсе, анда бардык жарандар бирдей укукка ээ болуусу керек экендигин белгиледи. “Кыргызстанда жашаган адамдар бөлүнбөгөндүгү жана улутуна карабастан бирдей укуктарга ээ болуусу маанилүү”,- деп айтты Алмазбек Атамбаев.

КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 9-июль