Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: Кыргызстандын желеги Лондондогу Олимпиадада желбирейт деп ишенебиз

Бүгүн, 2012-жылдын 16-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүн кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүн, машыктыруучуларды, насаатчыларды жылуу кабыл алды. “Биз сиздерди алыскы жолго, жоопкерчиликтүү сапарга узатып олтурабыз. Силер ХХХ Олимпиада оюндарында өлкөбүздүн намысын коргойсуңар. Эң жогорку мелдештерде жогорку чеберчилигиңерди көрсөтө аласыңар деп ойлойм. Кыргызстандын спортчулары  дүйнөнү таң калтырган учурлары аз эмес. Сиздер, кыргыз спортунун алдыңкы лидерлери Олимпиада чемпиондору Каныбек Осмоналиевдин, Александр Мелентьевдин, Татьяна Колпакованын жолун татыктуу улантасыңар деп ишенем. Биз, кыргызстандыктар, Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү жогорку ийгиликтерге жетиш үчүн  колунан келген бардык аракетин жасайт деп ойлойбуз. Билебиз, силерге оңой болбойт. Олимпиадада атаандаштар да абдан күчтүү болот. Бирок сиздер Кыргызстандын туусун Олимпиадада бийик көтөрөсүңөр деп ишенебиз. Жолуңар шыдыр, жолдошуңар Кыдыр болуп, жеңиш менен кайткыла!”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Андан соң Президент Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин Кыргызстан Олимпиадалык курама командасынын капитаны Данияр Көбөновго тапшырып, Лондондогу Олимпиадада ийгилик каалады.

Жолугушуунун соңунда өлкөнүн Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү, машыктыруучулары жана насаатчылары менен чогуу сүрөткө түштү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын спортчуларын 2012-жылы Лондондогу XXX Олимпиада оюндарына даярдоо боюнча уюштуруу комитети жеңүүчүлөрдү, байге ээлерин жана машыктыруучуларды сыйлоонун  бир жолку акчалай фондун түзгөн. 1орун –алтын медаль жеңип алган спортчуларга –200 000 АКШ доллары,2 орун – күмүш медаль – 150 000 АКШ доллары,3 орун – коло медаль – 100 000 АКШ доллары белгиленген.

2012-жыл 16-июль