Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Коргоо кеңешинин жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 2012-жылдын 1-июнунда  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коргоо кеңешинин жыйыны өткөрүлдү.

Күн тартибине төмөндөгү маселелер коюлду:

1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун концепциясы жөнүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2012-жылдын 30-январындагы “Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө”чечиминин  жана КР Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышы тууралуу.”
Бул маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Улуттук коопсуздуктун концепциясы колдоого алынды жана айтылган сын пикирлердин жана сунуштарды эске алуу менен  аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитүү сунушталды.
Коррупциянын көрүнүштөрүнө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө
Коргоо кеңешинин чечиминин аткарылышы тууралуу маселе боюнча коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана  ага жол бербөөдө УМКК Антикоррупциялык кызматынын, ИИМ жана Башкы прокуратуранын жетишсиз иш алып барып жаткандыгы белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө коррупцияга каршы күрөш чөйрөсүндөгү мыйзамдарды даярдоо жана КР Жогорку Кеңешине   өткөрүү ишинде кечеңдетүүгө жол  бербөө зарылчылыгы  көрсөтүлдү.

Коргоо кеңеши коррупциянын көрүнүштөрүнө каршы туруу боюнча Коргоо кеңешинин чечимдеринин  андан ары ишке ашырылышынын жүрүшүн тогуз айдын жыйынтыгы боюнча Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында кароо чечими кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат  бөлүмү

2012-жыл 1-июнь