Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин атынан балдардын адистештирилген билим берүү мекемелерине 4 млн.сомго сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 2012-жылдын 1-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев Президенттин атынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын адистештирилген он беш мекемесинин жетекчисине Президенттин билим берүү программасынын алкагында 4 млн.сомдук керектүү жабдуу алууга сертификат тапшырды.

Аппарат Жетекчиси Президенттин атынан балдар мекемелеринин жетекчилерин балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен жылуу куттуктады.”Бул күнү бардык жерде балдардын көңүлдүү майрамы, кайрымдуулук акциялары жана концерттер өткөрүлөт. Ошону менен бирге бул күн – балдар чоңдордун камкордугуна жана коргоосуна муктаж экендигин жана алар балдар үчүн жоопкер экендигин эскертүү күнү. Биз Сиздерге балдарга кылган мээримдүү мамилеңиздер, аларга ар дайым көңүл буруп жана алардын таламынталашып, алардын маселелерин чечүүгө дайыма даяр тургандыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Анткени силердин балдарга жасаган мамилеңиздерди мамлекеттин камкордугу катары баалашат. Ошондуктан сиздердин иш биз үчүн өтө маанилүү”,-деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын адистештирилген он беш мекемесинин жетекчисине Президенттин билим берүү программасынын алкагында балдар мекемелерине 4 млн.сомдук керектүү жабдуу алууга сертификат тапшырылды. Балдарга билим берүү мекемелеринин арасында  азиз жана көзү начар көргөндөр, кулагы начар уккандар, дудуктар үчүн мектеп-жатактары, акыл-эс өнүгүүсү артта калган жана тили булдур балдар үчүн көмөкчү мектеп-жатактары дагы бар.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 1-июнь