Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Балдарыбыз өнүккөн жана стабилдүү өлкөдө жашашын каалайбыз”

Бүгүн, 2012-жылдын 1-июнунда  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын  Ленин районундагы № 26- балдар бакчасына барды.

Мамлекет башчысы  13жылдан бери бул балдар бакчасы иштебей тургандыгын, 2010-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аны калыбына келтирип, ачууга каражат тапкандыгын белгиледи.”Борбор шаардын жетекчилигине, ата-энелерге рахмат,алардын аркасы менен балдар бакчасы кайрадан иштей баштады. Акыркы он жылдын аралыгында  көптөгөн балдар бакчалары башка мекемеге айландырылган. Мындай жагдай тынчсыздандырбай койбойт. Биз  балдарыбыз өнүккөн жана стабилдүү өлкөдө жашашын каалайбыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы балдарды майрамы – балдарды коргоонун Эл аралык күнү менене куттуктады. “Ар бир күн балдарды коргоонун күнү болуп, ар күнү ата-энелер балдарыбызга кандай өлкө калтырып кетебиз деп ойлонсо жакшы болоор эле. Ата-энелер үчүн эң башкы нерсе –балдарынын бактылуу болушу”,- деп Алмазбек Атамбаев балдарга ачык асман, тынчтык жана үй-бүлөдөгү бакубат турмуш каалады.

Иш-чаранын  соңунда Президент  балдар бакчасы үчун мебель алууга сертификат жана тарбиячыларга белектерди тапшырды.

Кыргыз Республикасынын ПрезидентининАппаратынын маалыматтык саясат  бөлүмү

2012-жыл 1-июнь