Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Күжүрмөн Куралдуу күчтөрсүз Кыргызстандын улуттук коопсуздугун толук кандуу камсыз кылууга болбойт”

Бүгүн, 2012-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга катышты.

Президент эгемендиктин жылдарында Кыргызстандын армиясы өнүгүүнүн татаал жолун басып өткөндүгүн белгиледи. “Аскер уюмун түзүү тажрыйбасынын, профессионалдуу кадрлардын жоктугу, аскерлерди жетишсиз каржылоо, аскер тармагындагы мыйзамдардын толук иштелбегендиги – мына ушунун баары Куралдуу күчтөрдүн калыптанышына таасирин тийгизбей койбойт”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге армиядагы тартип бузуу маселесин дагы козгоп кетти. “Кээде “дедовщина”, уставдан тышкаркы мамилелер трагедияларга чейин жеткирүүдө. Мен Кыргызстандын Башкы колбашчысы катары армиядагы ар бир трагедиялуу кабарды укканда жүрөгүм сыздайт. Аскер кызматкерлери тынчтык заманда курман болушуна жол берүүгө болбойт”.

Президент коомдо күжүрмөн Куралдуу Күчтөрсүз Кыргызстандын улуттук коопсуздугун толук камсыз кылуу мүмкүн эместигин сезе баштагандын белгиледи. “Мамлекет армияны сапаттык жактан өркүндөтүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Аскерлердин акча маянасын көтөрүүгө, аскердик инфраструктураны өнүктүрүүгө, заманбап курал-жаракты, техниканы жана жабдууларды сатып алууга багытталган финансылык каржылоону көбөйтүүгө, аскер кызматкерлерине турак-жай курууга чара көрүш керек. Өз армиясын бага албаган эл, бирөөнүн армиясын багат деген сөздү унутпайлы”,-деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин өзгөчө куттуктады. ”Аскердик ар-намысты сактоо жана жоокердик милдетти абийирдүүлүк менен өтөө ар дайым жогору бааланып келген. Куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин каармандыгы азыркы аскерлер үчүн үлгү болуп эсептелет”.
Андан соң Президент Куралдуу Күчтөрдүн түзүлүшүнүн 20-жылдыгынын урматына карата аскердик кызматта айырмаланган аскер кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 29-май