Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев «Голд Филдз Лтд» тоо кендерин иштетүүчү компаниянын башкы директору Николас Холландды кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 29-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев алтын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң ири төрт компаниянын катарына кирген «Голд Филдз Лтд» тоо кендерин иштетүүчү эл аралык компаниянын башкы директору Николас Холландды кабыл алды

Кыргызстан «Голд Филдз Лтд» компаниясы иштеген КМШдагы бирден бир мамлекет. Учурда инвестор Талас облусунда чалгындоо-изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын учурдагы инвестициялык долбоорлору жана өлкөнүн тоо кендерин иштетүү тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мамлекет башчысы “ Кыйынчылыктарга карабастан силер көшөрүп иштеп жатканыңар абдан жакшы. Силердин компания башка инвесторлорго үлгү болуп жатат”,- деп белгиледи.

Өз кезегинде Николас Холланд «Голд Филдз Лтд» компаниясы Кыргызстанда өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү караштырып жаткандыгын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 29-май