Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Дмитрий Медведевди шайлоодо “Единая Россия” партиясынын жеңишке ээ болушу менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведевге Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына болгон шайлоодо «Единая Россия» партиясынын жеңишке ээ болушуна байланыштуу куттуктоо кат жөнөттү.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:
“Парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына болгон шайлоодо «Единая Россия» партиясынын жеңишке ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алып коюңуз.

Шайлоо процессинин жыйынтыктары Россия мамлекетинин өнүгүүсүн мындан ары да бекемдөөгө көмөкчү болуп, бул болсо, өз кезегинде, Кыргызстан менен Россиянын өз ара байланышын кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө оң таасирин тийгизет.

Сизге, урматтуу Дмитрий Анатольевич, ийгиликтерди жана бакубаттуулукту, ал эми дос Россия элине бейпилдикти жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 6-декабрь