Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Премьер-министр Владимир Путинди шайлоодо “Единая Россия” партиясынын жеңишке ээ болушу менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Премьер-министри Владимир Путинге Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына болгон шайлоодо «Единая Россия» партиясынын жеңишке ээ болушуна байланыштуу куттуктоо кат жөнөттү.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

«Сизди Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына болгон шайлоодо Сиз жетектеген «Единая Россия» партиясынын жеңишке ээ болушуна байланыштуу чын жүрөктөн куттуктайм.

Сиз жарыя кылган багыт өлкөнү социалдык-экономикалык жана эл аралык мамилелердин жаңы деңгээлине алып чыгып, бул болсо Россиянын өнүгүүсүнүн жаңы этабынын башталышы болуп калат деп ишенем.

Акыркы мезгилде кыргыз-россия кызматташтыгындагы жетишилген оң натыйжалар мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк духунда алдыга илгерилейт деп үмүттөнөм. Биз өлкөлөрүбүздүн элинин жыргалчылыгы үчүн артыкчылыктуу чөйрөлөрдө өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө жана кеңейтүү боюнча активдүү биргелешкен ишке даярбыз.

Сизге, урматтуу Владимир Владимирович, түгөнбөс энергия жана мамлекеттик ишиңиздеги ийгиликтерди, ал эми Россия Федерациясынын дос элине – бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 6-декабрь