Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев башкаруучу коалицияны түзүүгө мандатты КСДПга берди

Бүгүн, 8-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго башкаруучу коалицияны түзүүгө мандатты тапшырды.   
Мандатты тапшырып жатып, мамлекет башчысы жаңы коалициянын алдында турган бир катар шарттарга жана милдеттерге көңүл бурду.
Төмөндө Президент Алмазбек Атамбаевдин мандатты тапшыруудагы сөзү менен таанышса болот.
“Конституцияга ылайык, мен сиздердин фракцияңызга башка фракциялар менен бирдикте башкаруучу коалицияны түзүүгө жана Өкмөт башчысына талапкерди көрсөтүүгө сунуш кылам. Элибизде өлкөбүз тез арада бутуна туруп, бийлик бутактары таза, ынтымактуу иштеп кетет деген чоң үмүт бар.
Жаңы коалициянын курамына кирген депутаттар элдин кызыкчылыгын өздөрүнүкүнөн өйдө коюшу абзел. Эптеп бийликке келиш үчүн келишимге кол коюп, анан өткөндөгүдөй күнүгө интрига, чатак чыгарышса, анда ишиңизден эч кандай майнап чыкпайт.
Ошондуктан, биринчи кезекте коалиция бирдиктүү, ынтымактуу болушу керек. Элдин акчасын, бюджетти үнөмдөп, парламенттик комитеттердин саны азыркыдай    16 эмес, ашып кетсе 10-11 болуш керек.  Министрликтердин санын 15-16дан ашырбай тургандай мүмкүнчүлүк пайда болду.
Коалиция сот реформасын өткөрүүдө мамлекет башчысына жардамчы болушу керек. Элибиз соттор адилеттүү, таза болсун деп талап коюп жатат. Уурулар, паракорлор түрмөдө отурсун деп талап коюп жатат. Ошондуктан, бул талаптары парламент да, Өкмөт да аткарууга милдеттүү. Бийликтин жалгыз булагы – Эл! Мен да өлкө башчысы катары элдин ушул талаптарын толугу менен колдойм. Ушундай шарттар менен сизге башкаруучу коалицияны түзүү сунушун берип жатам. Биздин эң негизги милдетибиз -  ыймандуу бийликти түптөө. Кудай өзү жардам берсин!”.


Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 8-декабрь