Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев Азиянын окуучулар арасындагы шахмат боюнча 7-чемпионатынын катышуучулары менен жолугушту

Бугүн, 13-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев Азиянын окуучулар арасындагы шахмат боюнча 7-чемпионатынын катышуучулары менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Ж.Сатыбалдиев жаш шахматисттерге ийгилик каалап, алдыдагы чемпионатта жеңишке жетишүүлөрүнө тилектештигин билдирди.
«Силер республикабыздын намысын татыктуу коргой аласыңар деп ишенем. Эл аралык мелдештерде өз өлкөңөр жөнүндө ойлоп, Кыргызстандын желегин сыймыктуу желбиретишиңер керек”, - деди Ж.Сатыбалдиев.
Чемпионаттын катышуучуларынын эн кенжеси Артур Соломко болгону 5 жашта.
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Умбеталы Кыдыралиевдин сөзүнө караганда, суверендүү Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу бул чемпионатка мынчалык көп сандагы делегация жөнөтүлүүдө.
Чемпионат 15-декабрдан 24-декабрга чейин Нью-Дели (Индия) шаарында өтмөкчү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 13-декабрь