Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти

2011-жылдын 19-20-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясында (Москва ш.) иш сапары менен болот. 

Мамлекет башчысы Евразия Экономикалык коомдоштугунун (ЕврАзЭС) Мамлекеттер аралык Кеңешинин, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) жана КМШ Мамлекет Башчыларынын Кеңешинин (СГГ СНГ) бейформал отурумунун ишине катышат.

Күн тартибинде ЕврАзЭСтин алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулоо, КМШ өлкөлөрүнүн өз ара түшүнүүсүн жана өз ара иш-аракеттерин бекемдөө боюнча жетишкендиктерди арттыруу, ЖККУнун кризис учурларында жасалчу кадамдарынын системасын өнүктүрүү маселелери бар.

Иш сапары учурунда Президент Россия Федерациясынын жетекчилиги жана башка мамлекет башчылары менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкууламакчы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 19-декабрь