Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Орусия Президенти Дмитрий Медведев менен жолугушту

19-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведевдин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын алкагындагы маселелер талкууга алынды.
Д.Медведев А.Атамбаевди Президенттин кызмат ордуна киришүүсү менен куттуктады.
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки жактуу стратегиялык кызматташуунун мерчемдерин талкуулашты.


Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 20-декабрь