Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Газпром” ААК Төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту

Бүгүн, 20-декабрда, Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Газпром” ААК Башкармалыгынын Төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар өз ара мамилелердин принципиалдуу маселелерин талкуулашты.

“Газпром” жетекчиси Кыргызстандын эки газ кениндеги геологиялык чалгындоо иштери натыйжалуу жана өз убагында жүргүзүлө тургандыгына ишендирип кетти. Тараптар Кыргызстанга бензин толук көлөмдө жеткирилип жаткандыгын да белгилешти.

“Кыргызгаз” ААК менчиктештирүү маселесине кайрылып, тараптар кийинки жылдын февраль айынын ортосуна карата эки өлкөнүн жумушчу топтору бул маселе боюнча эсептөөлөрдүн жыйынтык материалдарын бере тургандыгы белгиленди.

Түштөн кийин Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин отурумуна катышты. Отурум аяктаган соң мамлекет башчысы КМШга мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 20-декабрь