Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Эмомали Рахмон менен жолугушту

Бүгүн, 20-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу өз ара байланыштардын бир катар маселелерин талкуулашты.

Президент А.Атамбаев кызматташтыкты жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүнүн зарылдыгын белгилеп, жогорку деңгээлде иш сапарларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү сунуштады.

Ошондой эле мамлекет башчылары чегара маселелерин талкуулап, Афганистандагы абал, эки өлкөнүн бул мамлекеттеги инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга катышуусунун перспективалары туурасында пикир алмашышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 20-декабрь