Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЕврАзЭК, ЖККУ ЖКК, КМШ МБК отурумдарына катышты

2011-жылдын 19-20-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында (Россия) өткөн Евразия экономикалык коомдоштугунун Мамлекеттер аралык кеңешинин отурумуна, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына, КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал отурумуна катышты.

Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын экинчи күнүндө Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун ЖКК отурумуна катышты.

ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери аскерий-техникалык кызматташтыкты оптималдаштыруу, өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу, баңгизат трафигине жана терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Отурумдун  жыйынтыгы боюнча ЖККУга мүчө мамлекет башчыларынын Билдирүүсү кабыл алынды жана бир катар документтерге кол коюлду. 

Ушул эле күнү КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин бейформал отуруму болду.

Жолугушууну ачып жатып, Президент Д.Медведев КМШнын 20 жылдык мааракесин белгилөө үчүн Москвага келген мамлекет башчыларына ыраазычылык билдирди.

Д.Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев алгачкы ирет саммитке катышып отургандыгын белгиледи. «Биз Алмазбек Атамбаевди дагы бир ирет президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктайбыз жана ишиндеги ийгиликтерди каалайбыз. Ошондой эле Шериктештиктин алкагындагы активдүү иштерге жигердүү киришет деп үмүттөнөбүз”, - деди Президент Д.Медведев.

Президент А.Атамбаев өз сөзүндө көптөгөн багыттар боюнча кызматташтыкты арттыруу жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү үчүн бирдиктүү экономикалык аймакты түзүүнүн зарылдыгын белгиледи.
“Ушул жерде отургандардын көпчүлүгүнүн аталары, чоң аталары Советтер Союзу үчүн күрөшкөн, биз алардын жаркын элеси үчүн болсо да бирдиктүү экономикалык аймакты түзүшүбүз керек. Бул жаатта биз Россия, Беларусия жана Казакстан баштаган демилгени толугу менен колдойбуз. Мен бирдиктүү экономикалык аймак кеңейтилиши керек деп ойлойм”, - деди А.Атамбаев.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Билдирүүсү кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 21-декабрь