Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 30-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга “Кылым Шамы”, “Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор”, “Таза табигат”, “Адилет” укуктук клиникасы, “Жарандар коррупцияга каршы”, Балдарды коргоо борбору”, “Эл аралык толеранттуулук үчүн”, “Коомдук талдоо институту”, Аялдардын мыйзамдык демилгелери ассоциациясы, “Ачык позиция”, “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз талдоо борбору, “Интернет-саясат жарандык демилгеси”, «Жарандык билим берүү мектеби”, “Азия Полис”, “Жарандык коом жана демократия үчүн коалициясы”, “Журналисттер”, “Таза шайлоо” уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. 

Жолугушууда өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий абал, июнь окуялары боюнча иликтөө иштеринин жүрүшү, сот реформасына байланышкан маселелер, бийлик менен жарандык коомдун өз ара байланышы талкууланып, келечекке болгон багыттар туурасында пикир алмашуу болду.

Бул жолугушуу өлкө жетекчилигинин жарандык сектор менен кызматташууга даяр экендигин көрсөттү. Өлкөдөгү реформаларды алдыга жылдыруу үчүн Кыргызстандын жарандык коомунун лидерлеринин, прогрессивдүү адамдардын башын бириктирген диалог аянтчасын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

“Мен прессанын жана жарандык коомдун колдоосуна үмүттөнөм. Келгиле, бир багытта алдыга кадамдап, өнүккөн өлкөнү куралы. Ар бирибиз болуп жаткан окуяларга болгон өзүбүздүн жоопкерчилигибизди так түшүнгөн абалга жетмейинче оң натыйжаларга жетиш кыйын болот”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы жарандык сектордун активисттерин келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады. “Үйдө да, жумушта да өз ара түшүнүшүү болсун. Өлкөбүздө да бардыгы жайында болсун, анткени бактысыз өлкөдө бактылуу болуу мүмкүн эмес да”, - деди А.Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 30-декабрь