Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы конкреттүү долбоорлорду ишке ашыра башташ керек

Бүгүн, 2012-жылдын 10-январында, Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев  Кытай  Эл  Республикасынын  Эл өкүлдөрүнүн  Жалпыкытай  жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары  Чэнь Чжили жетектеген  КЭР делегациясын  кабыл  алды.

Кытай делегациясынын бул  сапары  Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 20 жылдыгына арналган.

Жолугушуунун жүрүшүндө  эки тараптуу   кызматташуунун  бир катар маселелери талкууланды. Тактап  айтканда, Президент “Датка” подстанциясынын курулушуна берилген кредит үчүн  ыраазычылык билдирди жана ЛЭП «Датка-Кемин»ЛЭП  курулушун  камтыган  долбоордун экинчи фазасын ишке киргизүүнүн  зарылчылыгын белгилеп өттү.

Ошону менен бирге, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун зарылчылыгын токтолду. «Биз убакытты создуктурбай, тез арада Кыргызстанга транспорттук  туюктан чыгууга  мүмкүнчүлүк берген  темир жол курулушуна   тиешелүү маселелерди чечүүгө  киришүүгө тийишпиз»,- деди Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев   Кыргызстандын  аймагындагы  соода- экономикалык  долбоорлордо  кытай капиталынын  катышуусун   активдештирүүнү  сунуштады.  «Кыргызстанда жагдай акырындык менен  калыбына келе баштады. Кезинде кытайлык инвесторлорго бут тоскондор дагы  болгондугу жашыруун  эмес.  Азыр  биз ал маселелердин бардыгын чечип жатабыз.  Биз чет элдик  инвесторлордун  каражаттарын коргоону камсыз кылууга кепилдик  бере алабыз», – деп билдирди  Алмазбек Атамбаев.

Президент  эки тараптуу мамилелерди кыйла  активдештирүүгө жана кызматташууга жаңы дем берүүгө даярдыгын билдирди.  «Сөздөн ишке өтөлү. Биз конкреттүү долбоорлорду ишке ашыра баштоого тийшпиз. 15 жыл бою  талкууланып келе жаткан маселелердин бардыгын  чечүүгө  мезгил бышып жетилди», - деп баса белгиледи Алмазбек  Атамбаев.

Өз кезегинде КЭР делегациясынын башчысы Чэнь Чжили  кызматташуу  үчүн ыраазычылык  билдирип, алаканы чыңдоого  жана кеңейтүүгө  зор мүмкүнчүлүк бар экендигин  белгиледи. «Биздин мамлекеттерибиздин ортосунда эч кандай карама-каршылыктар жок. Биз буга чейин  жетишилген келишимдерди, эки тараптуу макулдашууларды ишке ашырууга даярбыз»,  - деди  Чэнь Чжили.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 10-январь